Айрым мамишканалар толугу менен Улуттук инвестфондго өтүшү мүмкүн

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын пикиринде, көптөгөн мамишканалардын чыныгы потенциалы ачыла, баалана жана ал эми базар баалары толук аныктала элек.

Айрым мамлекеттик ишканалардын 20%дан 100% чейин мамлекеттик үлүшү фондго өтүшү мүмкүн. Ал кайсыл ишканалар экенин тактап айткан жок.

Ошол эле учурда ал фонддун ээси 100% мамлекет болорун, мындай инвестфонддор башка көптөгөн өлкөлөдө да бар экенин, Казакстан, Сингапур, Сауд Арабиясы, БАЭ жана башка өлкөлөрдө натыйжалуу иштеп атканын белгиледи.

«Биз дагы ошол өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, аталган Фондду түзүп дүйнөнүн эң атактуу фонддук биржаларына акцияларды чыгаралы, башка эл аралык чоң компаниялар менен тең ата таймашалы деп турабыз», — деди ал.

Президент Улуттук инвестициялык фондду 19-июнда түзгөн. Фонддун милдети жана максаты — инвестиция тартуу, мамлекеттин катышуу үлүшү бар компанияларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүү.