Президент эки өлкө 120 млн доллар тышкы карызды кечүүнү убадалаганын билдирди

Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабарга» курган маегинде айтты. Өлкө башчысы тышкы карызды кечтирип, аны жашыл экономиканын инвестициясына алмаштыруу боюнча бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.   

«Эки өлкө 120 млн доллар сырткы карызыбызды кечүү боюнча алдын ала убадаларын беришти. Кудай буюрса, жылдын аягына чейин 120 млн доллар сырткы карызыбыздан кутулабыз. Албетте, бул акчаны "Жашыл экономикага" өтүүгө колдонобуз. Өлкөбүздү жашыл өлкөгө айлантабыз», — деди ал.

Буга чейин президент Кыргызстан мурда алган карыздарын 2035-жылга барып толук төлөп кутуларын айткан. Ошол эле учурда Жапаров бийлик мындан ары өзүн актабаган долбоорлорго насыя албастыгын белгилеген. 

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн тышкы карызы 2023-жылдын октябрында 6 млрд доллардан ашкан. Анын ичинен ички карыз 1,5 млрд долларды, ал эми тышкы карыз 4,4 млрд долларды түзгөн. Тышкы карызды төлөөнүн жогорку мезгили 2025-2026-жылдарга туура келет.

Биздин телеграм-каналга катталыңыз:

https://t.me/kloopkyrgyz