Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев кызматынан кетти

Улуттук банктын басма сөз кызматы Бөкөнтаев башка ишке өтүп жатканына байланыштуу отставкага кеткенин билдирди.

Бөкөнтаев банктын төрагалык кызматына 2021-жылы келген. Ага чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы болуп иштеген.

Эми, конституциялык мыйзамга ылайык, президент Садыр Жапаров бир айдын ичинде Жогорку Кеңешке Улуттук банктын төрагалык кызматына өз талапкерлерин сунушташы керек.