Аскат Жетигендин соту 1-июлга жылды. Ал тагылып жаткан айыпты «негизсиз» деп атады

25-июндагы сот отурумунда акын Аскат Жетиген кайрылуусунда массалык башаламандык жана бийликти басып алууга чакырууга «эч кандай ниети жана мүмкүнчүлүгү болбогонун» айтты.

«Экинчиден, Кыргыз Республикасы — демократиялуу өлкө. Анда ар бир жаран өзүнүн позициясын, оюн так жана туура элге жеткирүүгө акысы бар. Андай иш үчүн, ал жаранга эч кандай кылмыш-жаза колдонууга болбойт деп эсептейм», – деп баса белгиледи Жетиген.

Ал эми судья сот отурумун 1-июлга жылдырды. Акын калыс чечим күтүп жатканын айтты.

«Эгерде калыс чечим боло турган болсо, анда мен бошоп чыгам, себеби мага коюлган айыптар негизсиз», — деди ал.