Райымбек Матраимов дагы эки айга камакта калтырылды

24-июнда Бишкектин Биринчи май райондун сотунда бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылды. Бул чечим менен судья УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнмөсүн канааттандырды.

Матраимов жана анын үч бир тууганын УКМК 26-мартта кармаган. Экс-бажычы Бишкекке Азербайжандан алып келинген. Ал эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу иши боюнча камакка алынган.УКМК Матраимов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «тыгыз байланышта» болгон деп билдирүүдө.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов мамоекетке дагы 200 млн доллар төлөп бериши керектигин билдирген.