«Болочок күйөө бала ойлонсо деле болмок». Президент Жапаров карындашынын соцтармакка тараган видеосу боюнча үн катты

Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын соцтармактагы «болочок жолдошу тик учак менен келип колун сураган» видеосу боюнча 26-июнда «Кабар» агенттигине комментарий берип, элден кечирим сурады.

«Өлкө жетекчилигинин жакындары башкаларга үлгү болушу керек. Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Эң жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгон атса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле», — деди өлкө башчы.

Аны менен катар президент ӨКМге алып берилген тик учактарды мамлекеттин ишине керектөө мезгилинен сырткары коммерциялык багытта иштеткенге уруксат берилгенин кошумчалады. Анын айтымында, ижарага берүүдөн түшкөн ар бир тыйын мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга топтолот.

Жапаров жакындары, туугандары жеке жашоосун коомчулукка жарыялоодо аны менен кеңеше турганын, аларга «жогорку мамлекеттик кызматын эске алып» талаптарды коерун айтты.

«“Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм. Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат. Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм», – деди өлкө башчысы.

Лаззат Нургожоева азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Нургожоева 24-июнда болочок жолдошу тик учак менен келип колун сураган видеосун соцтармакта бөлүшкөн болчу. Видео соцтармак колдонуучуларынын арасында түрдүү пикирлерди жаратты, себеби президент өзү «ысырапкорчулукка жол берилбестигин» бир нече жолу айткан.