Кемпир-Абад ишинин фигуранттары акталгандан кийин. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / RFE/RL

Кемпир-Абад иши боюнча саясий туткундардын акталганы таң калтырды, бирок ойдон чыгарылып, токулган кылмыш ишинде актоо өкүмү чыкканы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мындагы чыныгы таң калыштуу нерсе — Кыргызстанда жарандардын эркиндигин туш-туштан муунтуп келе жатканда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими жалпы трендке карама-каршы келип жатканында. 

Себеби Кемпир-Абадды коргоп чыккандар ТИЗОдо отурган бир жарым жылдан ашык убакытта Жапаров-Ташиев режими жумшарып кеткен жери жок. Андан бери ойдон токулган айыптар менен Temirov Live’дын 11 журналисти (мурдагылары кошо), публицист Олжобай Шакир, жарандык активист Афтандил Жоробеков, акын Аскат Жетиген, активист Зарина Төрөкулова, оппозиционер Адахан Мадумаров темир торго түштү. Кээ бири бошотулса. айрымдары абакта, саясатчы Арстан Алай болсо ТИЗОдо асынган абалда табылды.

Анан эле, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өздөрүнүн тышкы саясаттагы эң негизги жетишкендиги деп санаган Өзбекстан менен жер алмашуудан күмөн санагандар күтүүсүздөн акталып чыгып жатат. 

Мындай күтүлбөгөн ырайымдуулуктун себептери тууралуу ар кыл пикир айтылууда. Бири судья Марат Сыдыков өз эркиндей чечим чыгарды, эми бул үчүн аны кызматтан алышат дешет. Башкалары бул судьянын өзүнүн чечими эмес дешет. «Балким мен Кыргызстандагы соттордун көзкарандысыздыгына анчейин көзүм жетпейт, бирок менимче, судья мындай чуулуу иш боюнча өз алдынча, “кеп-кеңеш албастан” чечим чыгара алмак эмес», — дейт Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун эксперти Темур Умаров.

Чындап эле, эгер райсоттун чечими аткаруу бийлигине жакпай калганда — прокуратура жана жогору сот инстанциялары актоочү өкүмдү жокко чыгарууга бар күчүн жумшайт эле. Бирок азырынча андай болгон жок.

Садыр Жапаровдун комментарийинен улам дагы бул президенттин саясий чечими деп болжосок болчудай. Бир жагынан өлкө башчысы судьянын өкүмүнө макул эмесмин деп, ошол эле кезде моюн сунгансып жатат. Дагы бир жагынан, эгер өзү сот болгондо «бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация» деп атат. Башкача айтканда, өзү деле Кемпир-Абадды коргогондорду түрмөдө чиритип калтырбасын түшүнгүлө дегенсийт. 

Ошондо, эмне үчүн аларга тагылган айыптар алынды?

Эмил Жороев: Бийлик аларга өкүмдү күтпөй эле түрмөгө салып жазалады

«Кемпир-абадчыларды бошоткон чечим, албетте туура, ошондой эле күтүлбөгөн чечим, башкача болбошу керек эле», — дейт Кыргызстандагы Crossroads Central Asia изилдөөчүлүк тобунун эксперти Эмил Жороев. — Анткени, чындап акыркы убактарда жарандык эркиндиктерди, бийликтин саясатын сындагандарды мүмкүн болушунча катуу басыш керек деген тенданцияга бараткан эле.

Эмне үчүн бийлик аларды бошотууну чечти? Менимче, бул жерде бир эмес, бир нече себеп бар. Бийлик өкүлдөрүнүн бири «тарбиялоо чаралары» деп кайталап айтканы бар. Албетте, бул мыйзам жана укук дегенди уруп ойнобойм деген мамиле. Сыягы, бийлик коомчулукту ушундай коркутуу акциялары аркылуу көзөмөлдөө тактикасын иштеп чыгып алса керек. Бул бир жагынан, адилетсиз,  келечекте катуу сынга кабылгыдай деле чечим болгон жок. Экинчи жагынан, адамдар иш тергелип жатканда бир жарым-эки жыл абакта отуруп чыкты. Башкача айтканда, аларды баары бир деле жазалашты. Анан да, башкаларга бийликти сындагандар эмне болорун көрсөтүштү».

Темур Умаров: Бир кезде сен кыйкырып жүргөн ураанды оозангандарды куугунтуктоо кыйын

«Менин түшүнгөнүм боюнча, [Кемпир-Абад ишинде] азыр чекит коюу эрте, анткени прокуратура сот чечиминин үстүндөн кайра арыз берип коюушу мүмкүн. Анан да, мамлекет бул иштин катышуучуларына зарыл учурда басым кылган рычагы бар экенин түшүнүү керек. Бирок, мындай күтүлбөгөн актоочу чечим, менимче, бир канча нерсе жөнүндө айтып турат.

Биринчиден — бул иш башында эле жыдый баштаган. Ал Кыргызстандагы азыркы саясий режимдин табиятына жат болчу. Негизи, [камакка алуу] чечими Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечүү жөнүндө келишимде кабыл алынган болушу керек. Себеби Кыргызстан үчүн документтерге кол коюу үчүн Мирзиёев келген убакта өлкөдө эч кандай байкаларлык нааразылыктар көрүнбөшү, баары тынч өтүшү маанилүү болгон. Кыргызстан баары башаламан өлкө көрүнүп калбашы үчүн, айрыкча Өзбекстан менен салыштырмалуу. Ошондой эле Жапаров өз эли менен тил табыша албаган киши көрүнүп калбашы үчүн. Бул максат мүдөөсүнө жеткен.

Ал эми андан ары бул кылмыш иши башкы себептен улам: Садыр Жапаровдун негизги билдирүүлөрүнө карама-каршы келгендиктен жыдый баштаган. Ал бийликке улуттук кызыкчылыкты коргойм деген ураан-чакырыктар менен келген, атүгүл улутчулдук риторика менен ойногондон корккон эмес. Ошондуктан өзүнүн эле ураан-чакырыктарын айтып жүргөн адамдарга катуу каршы туруу таптакыр эле орунсуз көрүнүп калган.

Ушул себептен бийлик бул ишти башка нукка бурууга аракет кылган — оппозициялык маанайдагы жарандардын саясий активдүүлүгүн басууга колдонгон. Бирок ишке ашкан эмес. Ошол эле кезде, режим бул ишти каалаган учурда жандантып кое алат. Зарылдык жаралса, эгер кайсы бир активисттер Жапаровдун саясатынын башка артыкчылыктуу багыттарына каршы чыга турган болсо, бул ишти кайра кайтарып, жандантып коюуга болот».

Димаш Алжанов: Режим эл аралык басымды азайтууга аракет кылып атат

«Бул чечимдин артында бир нече фактор турат, — дейт казакстандык саясат таануучу Димаш Алжанов. — Азыр Кемпир-Абад иши Өзбекстан менен келишим түзүлүп калгандыктан актуалдуулугун жоготуп койду. Ошондуктан Жапаровго бул ишке байланышкан активисттер менен саясатчыларды камакта кармоонун зарылдыгы жок болуп калды.

Анын үстүнө журналисттерге карата кысым, “чет элдик тыңчы” жөнүндө мыйзам жана [президент Садыр Жапаровдун] АКШнын мамкатчысы [Энтони Блинкен] менен кер-мур айтышып калганын эске алганда, режимдин аброю бир топ жабыркай түштү. Ошондуктан Кемпир-Абад иши камакта отургандарды бошотууну Жапаров батыш өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын анын режимине карата басымын азайтуу үчүн колдонгон.

Айыпталып аткан активисттерге актоо өкүмү Кыргызстандын Тажикстан менен [чек аранын талаштуу тилкелери боюнча] алдыда боло турган сүйлөшүүлөрүнүн шартында нааразылыктар тобокелдигин колдон келишинче азайтуу үчүн аларга ишмердүүлүгүңөрдү токтосуңар деген катаал шарт менен чыгарылса керек».

Хасанбой Бурханов: Бул санкция коркунучуна реакция болушу мүмкүн

«Менимче, башкарып аткан тандем өздөрү көз каранды болгон дүйнө коомчулугунун алдында демократ көрүнгүсү келет, — дейт өзбек саясий эмигранты, Erkin O’zbekiston кыймылынын негиздөөчүсү Хасанбой Бурханов. — Жогоруда туруп Кыргызстанда демократия дагы деле боло алат деген жаңсоо кылышты. Менимче, камактагылардын баарына белгилүү бир “профилактикалык иштер” жүргүзүлсө керек. Баарына кандай убактар келе жатканын түшүндүрүштү. Балким кандайдыр бир талылуу жерлерин басышкандыр, андай ар биринде эле бар да.

Балким, бул кайталанма санкцияларга реакция болушу мүмкүн. Кыргыз компаниялары санкциялык тизмелерге кирип жатат. Мындан тышкары, акыркы 20 жылда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода маалыматтарынын бири-бирине дал келбестиги ондогон млрд доллардан ашып кетти. Кантип ушундай болсун? Бул деген көмүскө импорт жана аткезчилик Кыргызстандын номенклатурасында кирешенин маанилүү беренеси бойдон калып атканын айтып турат.

Балким Жапаров менен Ташиев Европа Биримдиги Грузияга “Кыргызстандыкына окшогон “чет элдик тыңчы жөнүндө мыйзам” кабыл алынганы үчүн санкция салынары айтылгандан кийин да бир аз артка чегиништи окшойт».