Кыргыз балбандары өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында 10 медаль жеңди

Иорданияда өткөн күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары командалык эсепте 2-орунга ээ болуп, 10 медаль багындырды.

Үч алтын, эки күмүш, беш коло. Садыр Кайыпбеков, Өмүрбек Асан уулу жана Нурсадык Нурдинов алтын, Нуртилек Замирбеков жана Курсантбек Исаков күмүш медаль утту.

Самидулло Алимжанов, Ислам Темирбеков , Элдар Мурзакулов жана күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөлөрү Асема Төрөгелдиева менен Асел Жапарова коло байгеге татыды.