Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Бул тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттиги билдирди. Долбоор былтыр 23-мартта «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасы менен «Кыргыз-Түрк К - НефтьГаз» ААКтын (Түркия) ортосунда макулдашууга кол коюлгандан кийин ишке ашырылып баштаган. Учурда төрт мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат.

«Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Айбек Чодонов энергетика министрине иштин 90%ы аяктап калганын, ал эми инвестициянын жалпы көлөмү 91 млн долларды түзөрүн айтып маалымат берди. 

Учурда заводдо 51 кызматкер иштеп жатканы, алардын 10у түрк адистери, калган 41и кыргызстандыктар экени белгиленди. Октябрдан тартып 150 жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.

Курулушту аяктоо жана заводду ишке берүү мөөнөтү быйылкы жылдын сентябрь айына пландалган.