Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү аны абактан коркутуп жатканын кабарлады

Асел Ногойбаева аны мыкаачылык менен кыйнаган мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов абактан коркутуп жатканын билдирди.

«Күчөтүлгөн тартиптеги абакта жатат имиш. “Качып чыгып кетиш мен учун оной” дейт. Коркутуулар таң атпай кайра келип баштады. Номерди алмаштыргам», — деди ал.

Сүрөттөн мурдагы жолдошу ага «абактан азыр качып чыгып бара аларын» жазган.

«Жаным, бактылуу бол. Бирөөгө көр казсаң чоң, терең кылып каз дейт. Качып чыгып кайра келип калсаң деле болот. Мен чет жакка кетем. Сен жөнүндө бүт билем. Байтикке күйөөгө тийдиңби? Адал тамак менен балдарды бак. Өзүңдү сүйөм, бирок жакында унутам. [...] Милиция сенин капризиң үчүн жашабайт. Сен унутуласың. Эки жылдан кийин барам», — деп жазган ал.

Бул Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү аны абактан коркуткан биринчи учур эмес. Мурда тергөө абагында жатканда да коркуткан.

Эстебесов 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. Сот аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүнү да милдеттендирген.