Жалал-Абадда 10 миң кишиге ылайыкталган мечиттин курулушу башталды. Ал Ташиевдин каражатына курулат

10-июлда Жалал-Абад шаарында жаңы борбордук «Имам Аль-Бухарий» мечитинин курулушу башталды.

Муфтияттан курулушка капсула салуу аземине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана дин кызматкерлери катышканын билдиришти. Ошондой эле мечитти 2,5 жылдын ичинде куруу пландалууда.

Ташиев бул долбоорду ишке ашырууга өлкө башчы Садыр Жапаров көмөк көрсөтүп, курулушту жеке өзү көзөмөлдөй турганын айтты.

Каржылоону УКМКнын төрагасы өзү колго алган. Мечиттин ичине 10 миң, сыртына 5 миңге чукул киши батат. Жер төлөсүндө болсо миң унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай курулат.

Муфтият шаардагы эски мечит 90-жылдары ашар жолу менен чакан болуп курулганын кошумчалашты.