«Кадастрдын» Өзгөндөгү филиалынын алты кызматкери жоопко тартылды

12-июлда УКМКдан «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөндөгү филиалынын алты кызматкери «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпка жыгылып, жоопко тартылганын билдиришти.

Ошондой эле мурда бул иш боюнча Өзгөндүн Жыланды айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы — «Кадастрдын» Өзгөн филиалын жетектеген киши да кармалганын кошумчалашты. Азыр териштирүү иши уланууда.