Кыргызстанда көрүстөндөрдүн бирдиктүү долбоору иштелип чыгат

Бул тууралуу мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев «Спутник» басылмасынын маалымат борборундагы брифингде билдирди.

«Мындай нерсе өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет. Биздин диний негиздер сакталат. Болгону баары бирдей болушуна шарт түзүп беребиз. Жөнөкөй жана жеткиликтүү кылабыз», — деди ал.

Мындан сырткары Орунтаев өлкөдөгү жабык көрүстөндөрдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин кошумчалады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров элди маркумду жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик орнотпоого үндөгөн.