Президент элди мүрзөгө эстелик орнотпоого чакырды

Президент Садыр Жапаров элди маркумду жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик орнотпоого үндөдү. Бул тууралуу өлкө башчы «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде билдирди.

Ал өлкөдө түз жерлер аз экенин, эгер сөөк коюлган жерлер кийин кайра иштетүүгө берилбесе азык-түлүк көйгөйү жаралып, элди турак жай менен камсыз кылуу маселеси да курчуй турганын эскертти.

Мындан сырткары президент уулу Дастандын мүрзөсүнө эстелик коюлбаганын көрсөттү.

«Эстелик койбудук. Мен жыгачка эле аты-жөнүн жазып койгом, ал күнгө күйүп кеткен экен, жаңыртып койдук. Сөөгүн коёрдо туугандар “үч бодо мал даярдап койдук, жетеби?” деп сурашты. Телефондон “тоок да сойбойсуңар” дедим. “Бишкектен бери келгендер ачка кетип, сөз кылат” дешти. “Мен той берген жокмун, аза күтүп жатам. Кан чыгарбагыла, боорсок да жасабагыла” дедим. Беш миңден ашык киши келди, эч ким сөз кылган жок», — деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы чоң ата менен чоң энесинин мүрзөсүн да көрсөткөн.

«Атамдын бир тууган иниси Жумакадыр деген байкем экөөбүз атама да, энеме да эстелик тургузганбыз. Ташка чектирип, жаздырып тегерегине темир менен тосмо койгонбуз. 1990-жылдардын аягында атам Меккеге барып келгенден кийин бул жерди тазалап койгон», — деди ал.