Иллюстрация: «Клооп»

OCCRP, Temirov Live жана «Клооптун» президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик долбоорлорду өзүнө жана президентке байланышкан компанияларга бергени тууралуу иликтөөсү уланууда. Бүгүн «Клооп» Туманбаев өлкөдөгү эски жеке менчик ишкананы бети чымырабай, жаап-жашырбастан, мыйзамдуу негизи жок тартып алып жатканын айтып берет. Буга менчик ээсинин Садыр Жапаровдун жаңы хансарайы үчүн 17 000 кубометр темирбетон тартуу катары бербей койгону себеп болгон деп эсептешет акционерлер.

Дисклеймер: текст көптөгөн маалымат булактардын айткандарынын негизинде жазылды. Текстти оорлотпош үчүн маалымат булактары басканда көрүнө турчу эскертмелерде көрсөтүлдү, андай жерлердин алды сызылуу

2024-жылдын 8-февралында Бишкектин түштүк жагында, Asia супермаркети менен Панорама деп аталган дача кыштагынын ортосуна сүрдүү кортеж барып токтогон. Автобустан топурап милициянын эки отряды, ал эми машиналардан кара кийимчен чиновниктер чыккан. Самосвалдар жүрүп талкаланган жолду этият баскан чиновниктер темирбетон буюмдарын чыгарган «Кум-Шагыл» жеке менчик заводунун кире беришин көздөй бет алышкан. Заводго өрүлүктөп баргандарды калаа мэри Айбек Жунушалиев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев баштап барган.

«Делегация заводдун өзүнөн өтүп, дароо карьерди кыдырышкан. Мэр ошондо дароо жарыя кылды: кечээ силер [карьерлерге] төрт лицензияңардан ажыратылдыңар, завод иштей албайт, сураныч, бул жерден чыгып кеткиле, баарын бошоткула, бир саат ичинде жумушту токтотуп, заводду бошоткула деп», — деп баяндады «Кум-Шагылдын» адвокаты Людмила Сабельникова. Ал заводду жабууну буйруган жок дегенде бир тастыктоочу документти көрсөткүлө деген өтүнүчкө Жунушалиев сөздү кесип: «Бул жерде биз турабыз, ошол эле жетиштүү!» дегенин эстеди.

Андан ары кызматкерлерди заводдон милиционерлер кууп чыга башташкан. Алар иш бөлмөлөргө, цехтерге кирип, адамдарды иш ордунан узатып чыгууга аракет кылышкан.

«Кум-Шагыл» заводунун кызматкерлери иш күнү аяктаганда кетишкен. Ал эми эртеси эртең менен, 9-февралда заводду милиционерлер курчап, жумушчуларды заводго киргизбей коюшкан.

Заводчулар ага чейин да бир нече жолу ишкананы тартып алуу аракетин баштан кечиришкен. Акционерлер 2023-жылы чиновниктер аларды жана үй-бүлөлөрүн коркутуп, ишкананы берүүнү талап кылышканын айтышууда. Кийин, «Кум-Шагылда» мыйзамсыз тышкы башкаруу киргизилгенде кызматкерлерге кордук көрсөтүлгөн.

«Эгер биз тарапта болбосоңор, кеткиле бул жерден!», — деп атырылат аларга кийин коррупция үчүн кармалган вице-мэр Сазыкулов. Профсоюз менен макулдашпай туруп алардын маянасын төрттөн үч бөлүккө кыскартышат. Ал эми заводдун мыйзамдуу ээлеринин тарабын жактагандарды, сөздүн ачыгы, кууп чыгышат. Мындан кийин заводдун 20 чакты кызматкери иштен бошоп кетет. Эшалиеванын айтымында, иштен кетип жаткан завод кызматкерине кол коюлган арызды бетине ыргытышкан.

Унуткула, бул эми биздин карьер

«Кум-Шагыл» ЖАКы — Кыргызстандын темирбетон продукцияларын чыгарган ири ишкана. Завод 60 жылдан ашык убактан бери Чүй өрөөнүнүн 80% керектөөсүн камсыздап келгенин айтат заводдун башкы директору Айдин Ибраев. Плита, лоток жана шакектер бул жерде жуулган шагылдан, бышык цементтен жана сапаттуу арматурадан стандарттарга ылайык жасалат.

Ошондуктан буйрутма бергендерден тыным жок. Заводдун кардарларынын арасында Кыргызстандын ондогон ири ишканаларынан бери бар, алардын ичинде — «Кумтөр», «Алтынкен», «Аскер Курулуш», «Бишкексууканалы», «Кыргыз Темир Жолу», «Бишкек Жылуулук Тармактары».

Бул жердин темирбетон продукциялары кытайлык Power Construction корпорациясынын, MS Building компаниясынын курулуштарына жеткирилет. «Кум-Шагыл» ири салык төгүүчү, алган сыйлыктары бар, анын мурдагы жетекчиси Владимир Попов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу наамына арзыган.

«Кум-Шагыл» 46 акционерге таандык, негизгиси Попов болчу. Көбү бул жерде Советтер союзунан бери иштеп келип, 1993-жылга чейин заводдун үлүштөрүн сатып алып коюшкан. Заводго коңшулаш эки майда шагыл карьерин завод 1990-жылдардан бери Бишкек мэриясынан ижарага алып колдонуп келген: ал жерде майда шагыл кылымдын ортосуна чейин жетет. Кызыктын баары мына ушул карьерлерден башталган.

«Кум-Шагылдын» карьериндеги казуу. Видеодон скриншот: Kaktus.Media

Карьерлердин биринин ижара келишими 2021-жылдын башында бүтүп аткан. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин «Кум-Шагыл» келишимди узартууга кезектеги арызын тапшырган. Бирок Бишкек мэриясы эмнегедир процестти создуктура баштаган, болбосо «Кум-Шагылдын» шагыл казууга бир топ жыл алдыга алынган лицензиясы бар эле. Себебин расмий эч ким айткан эмес, бирок мэриянын кызматкерлери «Кум-Шагылдын» өкүлдөрүнө бул жерге Президенттин иш башкармалыгынын көзү түшкөнүн айтып моюндашкан.

Кийин муниципалитет карьерди Президенттин иш башкармалыгына 5 жылга ижарага берип койгону аныкталган. «Кум-Шагыл» мэрияга карьердин ижарасын узартып берүүнү талап кылып доо арыз берген. 2023-жылы сотто мэрия элдешүүгө барып, аны узартып берүүгө макул болгон. Бирок келишимди аткарбай койгон: 2023-жылы жайында карьерди кайра Президенттин иш башкармалыгына берип коюшкан — бул ирет мөөнөтсүз пайдаланууга.

Ал ортодо, 2021-жылдан тартып заводдо баардык деңгээлдеги, райондуктан баштап республикалыкка чейин салыкчылардын текшерүүлөрү башталган. Инспекциялар — кайсыл бирин айтасың, Суу чарба көзөмөлүнө чейин. Мынчалык кызыгуунун себеби эмнеде?

Байке, 500 миң доллар бер

2020-жылдын күзүндө, президент Сооронбай Жээнбеков бийликтен кулатылардан бир аз мурун, Бишкекте Садыр Жапаровдун жана Камчыбек Ташиевдин тарапташтарынын митингдери өтүп аткан. Автобустар менен калаага ташылып келген митингчилер, «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында чогулуп алып президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышкан.

Бул таң калыштуу, бирок, сыягы Садыр Жапаров ошол учурда эле баарын алдын ала ойлонуп койгонсуйт. Себеби, бийлике келери менен төрт айдан кийин эле өзүнө хансарай курарын билген — кай жерде курарын да билген, ал тургай ал үчүн иш жүзүндө аракеттерди көрө баштаган. Сыягы, Жапаров ошондо эле колунда килейген хансарайынын долбоорун кармап отургансыйт.

2021-жылдын апрелинде Президенттин иш башкармалыгынын демилгеси менен «Ысык-Көл» мейманканасы эстеликтердин реестринен чыгарылып, сүрдүрүүгө даярдала баштаган. Андан кийин Иш башкармалыктагы чиновник билмексен болуп «Кум-Шагылдын» жетекчилигинен: завод Садыр Жапаровдун жаңы резиденциясынын курулушуна 500 миң доллардын тегерегиндеги темирбетон өнүмдөрүн бекер бере алабы деп кызыккан?*

«Кум-Шагыл» буга таң калган деле эмес. Бишкек мэриясы жана башка мамтүзүмдөр дайыма эле бир туруп темирбетон плиталарын, бир туруп шакекчелерди, бир туруп лотокторду бекер бергиле деп сурана беришет эле. Завод да жылдар бою берип эле келген, салт болуп калган.

А бирок Иш башкармалыктын суранычы ишкананын мүмкүнчүлүгүнөн да ашып түшкөн. Продукцияга айлантканда алар 42,5 млн сомго барабар 17 000 кубометр темирбетон сурашкан. Ал эми «Кум-Шагылдын» 2023-жылга карата жылдык таза киришеси 20 млн сомду түзгөн. Акционер жок дегенде цементин бергиле, калганын биз эптейли деп компромисс сунуштаган. Бирок ага да көнүшкөн эмес. Ошондуктан ал кечирим сурап, заводдун анчалык жардамга чама-чаркы жетпейт деп айткан. 

Жок болсо, жок да анда. Бирок, көрсө, чиновниктин «бейкапар суроосу» ультиматум койгон талап экен.

Заводду кошо бергиле

Ошентип, карьерди тартып алышкан, максатына жетип. Шагылы жок темирбетон куюунун пайдасы жок, ошондуктан акционерлерде бир эле жол калган — заводду карьердин жаңы ээлерине сатуу. Башкача айтканда, Президенттин иш башкармалыгына. Ошондо анан башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев Садыр Жапаровдун резиденциясы үчүн каалашынча темирбетон алмак.

«Мейли, биз каршы эмеспиз, үлүшүбүздү сатып алып, мамишкана кыла беришсин», — деген акционерлердин сөзүн эстеди заводдун юристи. Бирок Садыр Жапаровдун кишилери «Кум-Шагылды» сатып алгылары келген эмес. Аны бекер тартып алгылары келген.

«Кум-Шагыл» заводу. Видеодон скриншот: «Клооп»

Буга завод өзү турган жер себеп болгон. 2024-жылга чейин «Кум-Шагыл» ал жерди ижарага алып келген. Бирок андан кийин Жер кодексине ылайык «имараттар жана курулмалар алардын артынан бекитилген жер участогуна укуктан ажыратылгыс» болгондуктан жер тилкелерди заводдун менчигине өткөрүп беришкен — ошол 17,25 гектар жер дагы. Текшерүүдөн кийин УКМК ишти жапкан: чекисттер кылмыштуу эч кандай нерсе тапкан эмес. 

Сыягы, заводду тартып алуу тапшырмасын алган Бишкек прокуратурасына да бул жакпай калгандай. Ал 2022-жылдан тартып 2024-жылга дейре ишти үч жолу УКМКга жеткире иликтеп чыгууга кайтарган.

Мындан сырткары, ал Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынан «Кум-Шагылдын» алдындагы эки участокту «мажбурлап алуу» үчүн сотко арыз берүүнү талап кылган. Ал талапты аткарган. Мекеме доо арызын мэрия «Кум-Шагылдын» алдындагы жерлерди түз берип койбой, аукцион аркылуу сатышы керек болчу деп негиздеген.

Анда, 2023-жылы, «Кум-Шагыл» укугун коргоп кала алган. Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы доо арызын кайтарып алган.

«Кыздарын, неберелерин атап коркутушууда»

Ал ортодо чиновниктердин «Кум-Шагылга» кысымы ачык мүнөзгө өтө баштаган. 2023-жылдын октябрында негизги акционер Владимир Попов Президенттин иш башкармалыгына «сүйлөшүүгө» чакыртылган. Ал жерден, ошол учурда вице-мэр кызматында турган Орунтаев, аны иш башкармачы Каныбек Туманбаевге алып кирген.

Заводго кайтып келген Кыргызстандын эмгек сиңирген куруучусу «кыйпычыктап бир орунда турбай калган»*. Поповдун артынан эле башка чиновниктерди ээрчитип Орунтаев келген, алар «“эки күн”, эки күндөн кийин баарын бизге өткөрүп бергиле» дешкен.

«Попов директорлорду чогултуп, кыпкызыл, калтырап, кан басымы көтөрүлүп кетти», — дейт Эшалиева. — Кыздарын, неберелерин атап коркутушканын айтты. Сураныч, кол коюп бергиле, жанымды коюшсунчу деги деп суранды. Кантип жок демек элек? Анын үстүнө, директорлор кеңешине басым-кысым кылышкан, төрага өлкөдөн чыгып кеткен, бүгүнкү күнгө чейин кайтып келүүдөн коркуп жүрөт».

Бишкек шаарынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин (ММБД) чиновниги Данияр Балтагуловдун коштоосунда заводго келген Орунтаев кирери менен эле директорлор кеңешинин төрагасы менен башкы директорго кыйкыра баштаган. «Жоголгула! Чыгып кеткиле, бир сааттан кийин бул жерден көрбөйүн силерди!» — деп эстеди анын сөздөрүн юрист. Балтагулов «Клоопко» заводго барганы эсинде жоктугун билдирди.

Андан кийин Бишкектин вице-мэри Азамат Кадыров башында турган чиновниктер «Кум-Шагылдын» мындан ары экс-башкы директору Ануар Атабиевди нотариуска алып кетишкен — заводду өткөрүп берүү тууралуу баштапкы келишимге кол койдурганы. Бирок нотариус алардын иш-аракетин мыйзамсыз деп атап, акционерлердин чогулушунун чечимин көрсөтүүнү талап кылган. 

Болбогон соң чиновниктер Атабиевди Бишкектин мамкаттоосуна алып кетишкен. Ал жерден, иш күнү аяктаганына карабастан, кызматкерди чакыртып, келишимди каттатышкан. Чиновниктер топурап эск-директордун «жанында туруп алышкан», ошентип аны заводдун Кызыл китеби менен техпаспортун алып «алдап кетишкен»*. Бул окуяларга катышкан ММБДнын мурдагы юристи «Клоопко» ал жакта иштебей калганын жана бул темада комментарий бере албасын билдирди.

Бирок заводду өткөрүп берүү тууралуу баштапкы келишим эч нерсени чечпеген келишим болуп чыккан: себеби «Кум-Шагылга» директор эмес, ондогон акционер ээлик кылат. Алар болсо заводду мэрияга бергиси келген эмес, чечимди жокко чыгарып коюшкан.

Эми болсо чиновниктердин аңчылыгы акционерлерге башталды. Рейдерлер акционерлерди табыш үчүн адвокатты жана реестркармоочуну коркутуп-үркүтүп жатышат.

«Кум-Шагылдын» карьериндеги казуу. Видеодон скриншот: Kaktus.Media

Бул жерде мындан ары мыйзам деген жашабайт

2024-жылдын 7-февралында «Кум-Шагылдын» төрт акционери «адвокатсыз» УКМКнын Ленин району боюнча бөлүмүнө чакыртылган*. Ал жерден аларды заводду бардык мүлкүн кошуп Бишкек мэриясына өткөрүп берүүнү талап кылып коркутушкан. Жана да мынтип эскертишкен: эртең менен заводго келип, мэр Жунушалиевди тосуп алгыла. Таң калыштуусу ошол эле күнү Мамгеология «Кум-Шагылды» карьерлерге болгон лицензиясынан ажыраткан.

8-февралда эмне болгонун өзүңөр билесиңер: заводду мэрдин жана президенттин иш башкаруучусунун жеке катышуусунда басып алышкан. Болбосо ижарадагы карьерлер каякта — жеке менчик ишкана каякта? «Болуптур, мына карьер, ала бер да, жеке менчиктин кандай тиешеси бар?», — деп айраң таң «Кум-Шагылдын» мурдагы башкы энергетиги Алиханжан Мамедов.

Басып алууну негиздей албашын түшүнгөн бийлик заводду өткөн күн менен экологияга зыян тийгизген деп айыптоону чечкен — кээде бул мамлекетке жада калса жеке менчик ишканага тышкы башкаруучу дайындаганга жол берет. Бирок ченем мамлекеттин үлүшү бар концессияларга тийиштүү, ал эми «Кум-Шагылда» ал жок. Мындан тышкары, 20-февралда Мамэкотехкөзөмөл заводду текшерип, одоно экологиялык бузууларды таппай койгон

Анткен менен, 29-февралда Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров болбой эле «Кум-Шагылга» убактылуу башкаруучу дайындаган — «жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө…коркунуч жаратуучу бузууларды четтетүүнү камсыз кылуу максатында». Дайындалган киши Туманбаевдин аксылык жердеши Эрмек Кутманов болгон. 

Ал заводдун жетекчилигин дароо четтетип, ал эми кызматкерлерди иштен бошоп кетүүгө түрткүлөй баштаган*. «Кум-Шагылдын» акционерлеринин адвокаты Сабельникова тышкы башкарууну мыйзамсыз деп табууну талап кылып, Минкабга каршы сотко доо арыз берген. Бирок Кутмановдун өкүлү доо арыз аны менен макулдашылбай туруп берилгенин, Сабельникова «Кум-Шагыл» ЖАКтын кызыкчылыгын коргобой калганын жана ишкана арыздан баш тартып жатканын билдирүүдө. Судья бул жүйөөгө макул болгон. 

Убактылуу башкаруучу мурдагы кызматкерлерди иштен кетүүгө мажбурлап, айлыктарын төлөбөй койгонун четке кагууда. Баары Эмгек кодекси боюнча болгон деп көшөрүүдө ал. Ал адвокат Сабельникованын ыйгарымдарын тааныбайт.

«Биз анын ишеним катын чакыртып алдык, — деп билдирди Кутманов  «Клоопко». — Анын «Кум-Шагыл» ЖАК менен эч кандай мамилеси жок. Ал айрым акционерлердин кызыкчылыктарын жактай алат. Жалпылап айтканда, ал «Кум-Шагыл» ЖАКтын [кызыкчылыгын] жактай албайт».

Ал эми ал өзү Туманбаевдин айылдашы болобу деген «Клооптун» суроосуна, Кутманов жооп берүүдөн баш тартты.

Куруучулар союзунун башчысы Аскарбек Молдобаев кантип жеке заводдон мыйзамдуу ээлери турса жумушчуларын кууп чыгып коюшканын түшүнбөйт. «Убактылуу башкаруучу тууралуу чечим акционерлердин жыйналышында чыгарылышы керек. Өкмөттүн [буга] кандай тиешеси бар?» — деп таң калды ал.

Ушул төрт жылда кызматкерлердин кайрылбаган жери калбаган: президент, премьер, акыйкатчы. Эч кими жооп берген эмес. «Мындай укмаксан-көрмөксөндүккө таң калып атабыз. Биз силердин салык төлөөчүлөрүңөрбүз, силердин шайлоочуңарбыз го. Кантип ушундай болсун, төрт жылдан бери ар тараптан кыйкырып келебиз! Эч ким чакырган жок бизди, жок дегенде угуп коюшпайбы!» — дейт аргасы кеткен Жылдыз Эшалиева.

Март айында, Президенттин иш башкармалыгына өткөн карьерде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы асфальтбетон заводун орното баштаган. Анда парламент депутаты Дастан Бекешев мындай деп эскерткен: асфальтбетон заводунун экологиялык экспертизасы жок. Бирок чиновниктерге асфальт керек, а бул жерде болсо «бекер» шагыл жайнайт!

Бекешевдин кайрылууларынан кийин Жаратылыш министрлиги Бишкек мэриясына таянып, мындайча жооп берген: карьерде асфальтбетон заводу курулбайт. Жана Мамэкотехкөзөмөл 8-майда «Кум-Шагылдан» бузуулар жоюлгандыгы тууралуу отчёт алды деп кошумчалаган. Демек, убактылуу башкаруучу милдетин аткарды жана анын мындан ары зарылдыгы жок.

Бирок заводду ээлерине бербей жатышат. Анысы аз келгенсип, сот мэриянын жана убактылуу башкаруучунун жетеги менен завод турган жерди жеке менчикке өткөрүп берүү тууралуу 2004-жылкы токтомду жокко чыгарган.

«Кум-Шагылдын» карьерлери. Видеодон скриншот: «Клооп»

«Менимче, заводду банкрот кылып туруп, саткан атышат»

OCCRP, Temirov Live жана «Клооптун» жакында эле чыккан иликтөөсү Президенттин иш башкармалыгы формасы боюнча мамлекеттик, мазмуну боюнча көп тармактуу жеке бизнес-корпорация болууга умтуларын көрсөттү. Соңку үч жылда ондон ашык компания анын көзөмөлүнө өткөрүлгөн.

Эми ага «Кум-Шагыл» да кошулушу мүмкүн. Ооба, иш башкармалык акционерлерди заводду Бишкек мэриясына тартуулап берүүгө мажбур кылып жатат. Бирок, алардын Мамкурулуштун башчысы Орунтаев (ага ыйгарымдарынан аша чабууга байланышкан кылмыш иши ачылган) менен байланышын жана калаа мэри Жунушалиев 2022-жылы президенттин администрациясында иштегенин эске алганда — бул бир эле рейдерлик топ. Мындан тышкары, Президенттин иш башкармалыгы курулуштардын көбүн Бишкекте жүргүзүп жатат. Андыктан, темирбетондук джекпот дал ошол Каныбек Туманбаевге тийиши толук мүмкүн.  

«Клооп» менен маектешкен акционерлердин бири карьер менен завод Туманбаевге акысыз темирбетон продукциясын чыгарып берген булак катары керек болушу мүмкүн деп болжоду. Иликтөөчүлөр Иш башкармалыкта жүздөгөн миллион долларлык бери эле дегенде 11 ири курулуш долбоору бар экенин санап чыгышкан. Алардын арасында — президенттин жаңы хансарайы, Караколдогу жаңы аэропорт, Ала-Арча улуттук паркындагы туристтик инфраструктура жана Бишкектеги турак жай долбоорлору бар. Бул долбоорлор боюнча келишимдер Туманбаев жана Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү менен байланышы бар фирмаларга тийген.

Андан соң «Азаттык» «Кум-Шагылдын» карьериндеги оор жүк унаалары мамлекеттик-жеке долбоор болгон «Дастан Ситинин» курулуш аянтына каттап жатканын аныктаган. Алар эмнени жана эмне үчүн ташып жатышат?

«Мен бул суроого жооп бере албайм, бул коммерциялык сыр. Келишимдерге ылайык ташылып жатат. Эч жакка эч бир нерсе бекер чыгарылган жок. Баары келишимдерге ылайык ишке ашырылууда», — деп жооп берди «Клоопко» Эрмек Кутманов.

Ошол эле кезде, заводдун өзү чиновниктерге анчалык деле кереги жоктой. Жылдыз Эшалиеванын айтымында, айлыктар азайтылгандыктан заводдун адистери иштен бошоп, Европага иштегени кетип жатышат, ал эми жаңыларын үч жылга чейин окутуу керек. Ушундан улам мамлекеттик буйрутмачыларга өндүрүм жеткирүү үзгүлтүк боло баштаган.

«Өндүрүлгөндүн баарын “Тазалыктын”* машиналары менен бир жакка ташып кетип жатышат, коштомо кагаздары жок, убактылуу башкаруучунун жеке буйругу менен», — деп кошумчалады Жылдыз Эшалиева. — Шагылдын баасын базар баасынан эки эсе кымбаттып салышкан, аны эч ким албайт… Завод туруп калат, ошону менен «Кум-Шагылдын» доору бүтүп калабы деп чочулайм. Менимче, алар заводду банкрот кылып туруп, жерин саткысы келет».

Курулушка мыкты жер

«Кум-Шагыл» карьерлери менен 12-кичи райондо дээрлик 70 гектар жерди ээлейт. Бул жерде аба салыштырмалуу таза, жанында тоолор, БААУ жана Аалы Токомбаевди (магистраль) бойлой жайгашкан элиталуу көп кабаттуу үйлөр бар. Төмөндө, Шабдан баатыр менен түшкөндө — ботаникалык бакча бар. Бул жерде жаңы конуштардагы турак жайларды жакшы сатса болот. Ошондо анан рейдерлер жакшы акча иштеп алышат. Болгону жерди тазалоо керек.

Мэрия «Кум-Шагылдан» тартып алган карьердин жанында эле совет доорунан бери № 46а гараж кооперативдери жайгашкан. 2022-жылдын ноябрында Бишкек мэриясы ага сүрдүрүлөрү тууралуу билдирме тапшырган. Гараждын ээлери мэриянын кызматкерлерине таянып, жерде турак жайларды куруу пландалып атканын айтышкан.

Заводдун кире бериш тушунда ГСК 21 деген дагы бир гараждар кооперативи бар. 2022-жылы күзүндө Бишкек мэриясы кооператив шаарга 10 млн сомдой карыз экенин билдирген. Гараж ээлери мүчөлүк акыларды кечиктирбей, өз убагында төлөшөрүн айтып ишендиришкен. Бирок мэриядагылар акчалар бюджетке түшпөгөнүн, ошондуктан кооператив аны менен жерди ижарага алуу боюнча келишим түзсүн деп жооп беришкен.

Андан кийин муниципалитет келишимди бузуп, «Кум-Шагылдыкындай» кылып жерин тартып алып коё алат.

2022-жылы күзүндө мэрия коңшу 11-кичи райондо ири гараждар кооперативин буздурган. Ээлерине жер мунипалдык кызматкерлер менен мугалимдер үчүн кызматтык үй курууга бошотулууда деп айтышкан. Буздурулганга чейин бир ай мурда жер Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Күзүндө ал жерде көп кабаттуу үйлөрдү Туманбаев көзөмөлдөгөн Мамлекеттик ипотекалык компания курары белгилүү болгон.

Баса, ал жерден элди ошол учурда гараждарынан вице-мэр Нурдан Орунтаев менен мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин кызматкери Данияр Балтагулов кубалаган. А бул жылы болсо алар адамдарды «Кум-Шагылдан» орой кубалашты. Дал келүүбү?

Бул окуяда бийликтегилерге суроолор көп. «Клооп» Бишкек мэриясына, Минкабга, УКМКга, Башкы прокуратурага, Маммүлк агенттигине жана албетте, Президенттин иш башкармалыгына суроо жолдоп каттарды жөнөттү. Эки жума өттү, жооп жок.