Ташиев бийликти басып алууга даярданган деп кармалгандардын артында «тышкы күчтөр да турушу мүмкүн» экенин айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «7-каналга» маек куруп, жакында бийликти басып алууга даярданган деген шек менен кармалгандар боюнча үн катты.

Буга чейин атайын кызмат кармалгандар 31-августта массалык башаламандык уюштуруп, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө кол салууну пландашканын билдирген.

Ташиевдин айтымында, УКМК башынан эле шектүүлөр тууралуу бардык маалыматты билген жана пландарынан кабардар болгон.

«Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип “кустарный метод” менен жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышкан, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышкан баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз», — деди Ташиев.

Ошондой эле Ташиев кармалгандар май айында болгон Бишкектеги тополоңду пайдаланып «элди көтөрүүнү» пландашканын, өздөрү аскер кийимин кийип, жарандарга ок чыгарууну көздөгөнүн айтты.

«Жаман ишти кылаар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, “мына, биз эл тарапка өттүк” деп жарыялашмак. Ошентсе, “бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет” деген чолок акыл пландары болгон», — деди ал.

Интервью учурунда журналист Ташиевден бул иште тышкы күчтөрдүн таасири бар же жок экенин сурады.

«Булардын артында тышкы күчтөр барбы же жокпу тергөө бүткөндө билинет. Албетте болуп калышы да мүмкүн. Анткени биздин экономикабыз ылдамдык менен тез көтөрүлүп жатканы эч кимге жакпайт. Ошондуктан ар кандай ыкмалар менен ойго келбеген нерселерди уюштурушу мүмкүн», — деди Ташиев.