⚡️Ош: Мэрия селден селден улам коммуналдык авариялар катталганын билдирди

Image descriptionОш шаарында 14-июлда катуу селдин кесепетинен бир катар коммуналдык тармактарда авариялар катталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сел электр подстанцияларын, мамычаларды жана таза суу насостук станциясынын түтүктөрүн алып кеткен. Мындан сырткары, Ош борбордук базары убактылуу жабылып, электр энергиясын берүү токтотулду.

«Урматтуу Ош шаарынын тургундары, убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз», — деп билдиришти мэриядан.

Учурда кырдаалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү кызматтар иш алып барууда