‼️Ош: Тургундарды куткарып жаткан камаз 1 адамды тебелеп кетти, ал жеринде каза тапты

Image descriptionОштогу Озгур айылында селден качкан элди жүктөп жаткан камаз жылып кетип, бир адамды тебелеп кетти. Ал жеринде каза тапканын Ош мэриясы билдирди.

19:30га карата алынган маалымат боюнча, Төлөйкөн айылындагы Араван — Ак-Буура каналына 7 автоунаа агып кеткен. Төлөйкөн айылында эс алып жүргөн 4 адам азырынча дайынсыз болууда.

Жалпы 134 үйдү сел каптап, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 автоунаа селден жабыркаган.

Селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштери жүргүзүлүп жатат.