⚡️ Оштогу сел төрт адамды агызып кетти. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Image descriptionОштогу сел «Мөл булак» эс алуу борборунда төрт эс алуучуну агызып кеткенин мэриянын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда алар изделип жатат. ӨКМ бул тууралуу маалымат бере элек.

Ошондой эле шаар мэри Бакытбек Жетигенов Жарандык коргонуу штабын чогултуп, Ош шаарына өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялады.

Шаар башчысы тиешелүү мекемелерге жана кызматтарга Ош аймагындагы селдин кесепеттерин жоюуну, анын ичинде суу каптаган жерлерди тазалоо жана ирээтке келтирүү боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүүнү тапшырды.