❗️Ош: Селден дайынсыз болгон 4 адамды издөө уланууда

Image description15-июлда сел агызып кеткен 4 адамды издөөгө 350 киши чыкты. Буга чейин ӨКМ жалпы 5 адамды сел алып кеткенин билдирген.

14-июль саат 22:40та 2018-жылы туулган кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарындагы Шахронсой сайынан табылган.

Издөө-куткаруу иштери бүгүн 4 топко бөлүнүп башталды. Алар Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабында (студенттер шаарчасы), Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багында жана Ош шаарынын борбордук базарынын аймагында жүргүзүлүүдө.

Издөөгө чыккан 350 адамдын 170и ӨКМдин куткаруучулары, 2 кинолог жана суучул-куткаруучулар. Калган 180и жарандык коргонуу кызматтарынан тартылган.