Жоомарт Карабаев. Сүрөт анын соцтармактагы барагынан алынды

Июлдун башында УКМК Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди массалык башаламандыктарга «чакырыктарга» жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөөгө айыптап кармаган. Адвокаттар буга анын күч кызматкерлеринин өкүмзордугу менен соттук экспертизаларды жазуудан баш тартканы жана ушул нерсеге макул болгон мурдагы кесиптештерин сынга алганы себеп дешет.  

Контекст: Кыргызстанда сот эксперттери — лингвиттер, психиатрлар, ал тургай саясат таануучулар — оппозиционерлерге, бийликти сындагандарга жана көзкарандысыз журналисттерге каршы жазык процесстеринде маанилүү ролду ойной башташты. Айыпталып аткандардын күнөөсүн далилдеш үчүн тергөөчүлөр дайыма эксперттик пикирге кайрылышат — көбүнесе корутундулар тек гана айыптоочуу мүнөзгө ээ. «Клооптун» юридикалык жагын жоюу боюнча сотто да так эле ушундай экспертизалар колдонулган. Бул жерден ушундай документтердин биринин талдоосун, а бул жерден — мамэксперттердин соттогу сурагынын баяндамасын окуй аласыз.

2-июлда УИАнын Мамлекет жана укук институтунун мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев УКМКга суракка чакыртылган — күбө катары. Бирок атайын кызматтын өкүлдөрү аны ошол эле күнү кармап, ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-августка чейин камакка алган. Ал фейсбуктагы посттору үчүн массалык башаламандыктарга чакырыктар жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө беренелери боюнча шектелип жатат. Карабаев постторунда УИАны жана бийликти сынга алган болчу.

«Өкүмзордук» менен жазылган экспертизалар  

Жоомарт Карабаев Улуттук илимдер академиясынан бир жыл мурда бошотулган. Анын адвокаттары «Клоопко» бул Карабаевдин авторлугу менен жазылган соттук экспертизанын корутундусу УКМКнын кызматкерлерине «жакпай калгандан» кийин болгонун айтып беришти.

Мамкомитет бул иш боюнча комментарий алууга жеткиликсиз болду, ошондой эле ал «Клооптун» расмий сурам-катына жооп берген жок.
   
«Ага кылмыш иши боюнча [соцтүйүндөрдөгү] посттордо массалык башаламандыктарга чакырыктар болгон деп [корутунду] жазып бер деп суранышкан. Ал [Карабаев] андай жок, болгон эмес деп [жазып берген]. Жоомарт аны кайра жазып бергенден баш тарткан», — дейт Карабаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев.

Юрист коргоп аткан кардарынын УИАдан бошотулушунун расмий себеби деп «мамлекеттик сырды ачыктоо» аталганын айтууда. Мындан улам Жоомарт Карабаев иштен мыйзамсыз бошотулганын айтып сотко арызданып, академиянын эксперттери экспертизалык корутундуларды «атайын кызматтын буйругу менен» жазышарын ачык айтып чыга баштаган. УИА муну четке кагып, Карабаев академияны «жөнүн жок» сындап жүргөн деп билдирүүдө.     
 
Экпертизалар бурмаланган учурдардын бири жөнүндө Карабаев жазуучу Олжобай Шакирдин сот отуруму өтүп жатканда айтып берген. Адвокат Акмат Алагушевдин айтымында, ал күнү Карабаев 2023-жылдын августунда ага жана анын УИАдагы кесиптеши Азамат Жанышбек улуу экөө отурган иш бөлмөгө УКМКнын эки кызматкери келип, Жоомартты чыгып турууну суранышканын айтып берген. Ал эми Карабаев жарым сааттан кийин иш ордуна кайтып келгенде, кесиптеши Шакирдин постунда массалык башаламандыктарга чакырыктар болгон деп басып чыгарылган эксперттик корутундуга кол коюп жатканын көргөн. Комитет кызматкерлери документти алып, кетип калышкан.

Аталган экспертиза көп өтпөй Олжобай Шакирдин ишине тиркелип, 2024-жылдын майында жазуучу «массалык башаламандыктарга чакырыктар» үчүн беш жылга эркинен ажыратылган.

Жанышбек уулу жана анын корутундулары

Азамат Жанышбек уулу. Сүрөт анын соцтармактагы барагынан алынды

Карабаев иштен кеткенден кийин Фесбукта бир нече пост чыгарып, кесиптеши Азамат Жанышбек уулун УКМК үчүн «мыйзамсыз» экспертизаларды даярдап бергендиги үчүн күч кызматкерлеринен акча алган деп айыптаган.

Ошондой эле Карабаев үн жазмаларды жарыялаган, аларда, анын өзүнүн айтымында, УИАнын кызматкерлери күч кызматкерлеринин алар үчүн «ылайыктуу» эксперттик корутундуларды жазып берүү талабын талкуулашкан. Андай үн жазуулардын биринде, Карабаев айтып аткандай, УИАнын вице-президенти Чолпонкул Арабаев эксперт Карабаев УКМК үчүн коркутундуларды жасап берүүдөн баш тарта албайт деген. Ошондой эле ал кесиптештерине комитеттин өкүлдөрү менен «урушпагыла» деген.  

Мындан сырткары, үн жазмада Карабаев кылмыш иштеринин бири боюнча өзүнүн эксперттик корутундусунда эч кандай «чакырыктарды» таппаганы, бирок аларды УКМКнын кызматкерлери андан ары иштешүүнү уланткан Жоомарттын кесиптеши Азамат Жанышбек уулу тапканы айтылат.

Азыр бул видеолор Карабаевдин Фейсбук барагынан өчүрүлгөн. (алар редакциянын колунда бар).
 
Азамат Жанышбек уулу — УИАнын Мамлекет жана укук инстутутунун азыркы илимий кызматкери. Ал кеминде төрт кылмыш иши боюнча эксперттик корутундуларды жасап берген, алар боюнча азыр кыргызстандыктар бийликти сындаганы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган. Шакирдин ишинен тышкары, бул активист Зарина Төрөкулова, Адилет Балтабай жана Мирлан Ураимовдун иштери.

  • Зарина Төрөкулова «массалык башаламандыктарга чакырыктар» үчүн беш жылга кесилген — 2024-жылдын июлунда Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган. Төрөкулованын адвокаттары өкүмдү мыйзамсыз, ал эми активисттин күнөөсү далилденген эмес деп эсептешет. Төрөкулова өзү ишти саясий буйрук деп атаган.
  • Адилет Балтабай да 2023-жылдын январында «массалык башаламандыктарга чакырыктар» үчүн беш жылга соттолгон. Башында сот ага пробациялык көзөмөл мөөнөтүн берген, бирок Балтабай «Кемпир-Абад ишинин» фигуранттарын колдоо митигине катыша койгон соң, сот бул чечимди өзгөрткөн. 
  • Активист жана «Бүтүн Кыргызстан» оппозициячыл партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 2023-жылдын сентябрында бийликти басып алууга чакырыктар беренеси боюнча бир жылга кесилген.

Жанышбек уулу бул иштер боюнча өзүнүн эксперттик корутундуларында активисттердин билдирүүлөрүндө массалык башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырыктар, ошондй бийлик өкүлдөрүнө шек келтирүүлөр бар деп жазган. («Клоопто» сот чечимдеринин көчүрмөлөрү бар.)

Ошондой эле Жанышбек уулу өзүнүн «Кемпир-Абад иши» боюнча, Ырыс Жекшеналиевдин жана Next TV’нын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иштери боюнча корутундуларында ар кандай «мыйзамга каршы келген чакырыктарды» тапкан.         

«Жанышбек уулу чыгарган биринчи корутундуларда жада калса адабият жана методологиясы жок болчу. УКМК болгону “чакырыктар болгонбу?” деген жабыр суроолорду берген, ал болсо жөн эле “ооба, чакырыктар болгон” деп жооп жазган. Ал андан кийин гана эптеп окшотуш үчүн кайсыл бир адабияттарды кошо баштаган. [...]  Ушул иштердин баары боюнча Азамат Жанышбек уулу саясат таануучу катары саясий корутундуларды жасайт — ошол эле учурда анын мындай ишмердүүлү үчүн сертификаты жок. Мыйзам боюнча, эксперттин баардыгында сертификаттар болушу керек. Биз ар бир иште күнөөнүн далили катары мындай корутундуларды кабыл алганга болбойт деп какшап келебиз, бирок соттор көңүл бурбай келишет», — дейт адвокат Акмат Алагушев.

Жанышбек уулунун Олжобай Шакирдин иши боюнча корутундусунан скриншот

Эми болсо минтип массалык башаламандыктарга чакырыктарга 27 жаштагы Жоомарт Карабаев айыпталып, сегиз жылга чейин эркинен ажыратылганы турат. Анын адвокаты Акынбек Ногоев Карабаевдин күнөөсүнүн жалгыз далили — анын жанагы бир иш бөлмөдө отуруп иштеген кесиптеши Жанышбек уулунун Карабаевдин фейсбуктагы постторуна жасаган экспертизасы болуп атканын, Жоомарт дал ошол кесиптешин УКМКнын көрсөтмөсү менен жалган экспертизаларды жасайт деп айыптаганын айтат. 

Жанышбек уулу өзүнүн корутундусунда кесиптеши Карабаевдин «Бийликти эл алып, кайра бийликтен да алып түшөрүн унутпаш керек», «Эл — сел, эл менен эсептешкенди билиш керек» жана «Эл ойгоно баштаптыр» деген постторунан бийлик өкүлдөрүнө активдүү баш ийбөөгө, массалык башаламандыктарга жана атүгүл бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды тапкан.

Алагушев эмне үчүн тергөөчүлөр менен судья Карабаев Жанышбек уулунун мурдагы кесиптеши экенин билип туруп, анын иши боюнча экспертизаны кайра ошол эле Жанышбек уулунун жасашына жол бергенине таң калып, муну түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы, ал тергөө органдарынын «өз билемдик мамилесин» дагы бир ирет тастыктап турат деп белгиледи. 

«Жоомарт [Карабаевдин] постторунун экспертизасын Жоомарт өзү атайын кызматтардын буйругу менен корутунду чыгарат деген кызматкер жасап жатат», — деп кыжырданды укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова. — Анан калса да Жоомарт өзү [иштен бошотулганынын айынан] соттошуп аткан уюм [УИА] жүргүзүүдө».
     
Карабаев өзү фесбуктагы постунда өзүнө каршы кылмыш ишти ачыктан-ачык куугунтук деп атаган. Ал сот экспертизаларына каршы пикирин билдиргенде УИАнын Саясий изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Токон Мамытов менен академиянын вице-президенти Чолпонкул Арабаев аны «түрмөнү айтып коркутушканын» жазган. Азыр Карабаевдин бул посту да баракчасынан өчүрүлгөн.

Карабаевдин өчүрүлгөн постунун скриншоту

«Бир эле учурда эксперт да, тергөөчү да, судья дагы»

Кыргызстанда эксперттер жалган коркутундулар үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн — КР КЖК 364-беренеси боюнча бул үчүн үч жылга чейин түзөтүү иштери, 200 миң сомго чейин штраф же 300 саатка чейин коомдук иштерге тартуу каралган.

Бирок, адвокат Акмат Алагушевдин айтымында, кыргыз эксперттеринде анализ үчүн бирдиктүү жана түшүнүктүү методика жок, ошондуктан өз ыйгарымдарынын чегинен чыгышат.

«Иш жүрүп атканда — тергөөчү, андан кийин, корутунду берип атканда судья. Өтө көптү мойнуна артып алышат. Эксперттер ушундай корутунду чыгарып, “ал жерде кылмыштын курамы барбы-жокпу?” деген суроого жооп бере албайт. Бул туура эмес, бул адискөйлүккө жатпайт», — деп эсептейт юрист.

«Кемпир-Абад ишинин» фигуранттарынын бири жана Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова «саясат таануу экспертизасы» деген түшүнүк дүйнөлүк сот практикасында да жоктугун айтат. Аны «куугунтук» үчүн Орусияда колдоно башташкан, эми ал ыкманы ошол эле максатта Кыргызстан да «үйрөнүп» алды, деп эсептейт Сооронкулова.   

«“Экспертиза жөнүндө” мыйзамда кандай экспертиза болбосун, ал илимий ыкмаларга негизделиш керек. [...] Мисалы, лингвистикалык экспертиза боюнча методология бар. А саясат таануу экспертизасы жөнүндө эч нерсе жок, — деп түшүндүрөт экс-судья. — Биздин экспертизаны Жанышбек уулу деген саясат таануу боюнча эч кандай билими жок бир эле эксперт жүргүзүп жатат.  Экспертизада эксперт кандай ыкмаларды колдонду деген сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек. А ал болсо “саясат таануу боюнча адабияттар” деп жазып — 1-2-курстун студенттери колдонгон адабиятты көрсөтүп атат».

Азамат Жанышбек уулу «Клооптун» суроолоруна берген жообунда УИАга экпертиза үчүн документтер «чалды-куйду» түшө бербейт — академиянын президенти аларды белгилүү бир институтка багыттап жөнөтөт, ал жерден анын жетекчиси документтин экспертизасын өзүнүн бир кызматкерине тапшырат деп жазды. Ошондуктан «илимий кызматкерлер тиигил же бул документтерди ким алып келгенин билишпейт» — , дейт эксперт.

Жанышбек уулунун айтымында, ал Карабаевдин анын дарегине айтыптарды коюп атканын «билген эмес». «Эгер кимдир бирөө мыйзам бузулуп атат деп эсептесе, тийиштүү органдарга кайрылышы керек», — деп жыйынтыктады ал сөзүн. — Биз эми укуктуу мамлекетте жашайбыз да».