Айтурган Маматкулованын өлүмү: Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү боюнча кылмыш иши козголду

Бул тууралуу 17-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашып, иш алардын көзөмөлүндө экенин белгилешти.

Маалыматка ылайык, 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет», — деп билдиришти башкы прокуратурадан.

Буга чейин Акыйкатчы институтунан 25 жаштагы кыздын өлүмү боюнча ишти акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алганын билдиришкен.

Айтурган Маматкулова 7-июлга караган түнү Бишкектеги №4 ооруканада көз жумган. Маркумдун кайын журту ал «дары ичип алып, ооруканага түшкөнүн» айткан.

Ал эми Айтургандын энеси «кызым киши колдуу болгон, күйөө балам талуу жерге уруп койгон» деген пикирин билдирген. Жеңеси болсо Айтурган мурда да «күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып келгенин» айткан.