Нарын: Эмдөөдөн кийин чарчап калган наристенин иши боюнча атайын комиссия түзүлдү

Саламаттыкты сактоо министрлигинен Нарын шаарында эмдөөдөн кийин чарчап калган үч жашар наристенин ишин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлүп, аны Алымкадыр Бейшеналиев көзөмөлүнө алганын билдиришти.

Наристеге көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө иштери боюнча текшерүү башталды. Комиссиянын иликтөөсүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Буга чейин чарчап калган наристенин апасы видео кайрылуу жасаган. Анда эмдөөдөн кийин наристесинин колу шишип, оозунунан көбүк агып, дене табы көтөрүлүп жатканын айтса дарыгерлер жетиштүү жардам бербегенин билдирген. Наристе чарчап калардан мурун дарыгерлер кант диабети деген диагноз койгон. Бирок, анын жакындары наристе оорубай, дени сак болгонун айтышууда.