❗️Президент мамлекет Ошто селден жабыркагандарга жардам көрсөтөрүн убада кылды

Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабарга» курган маегинде айтты. Ал жерине Акылбек Жапаровду жөнөтүп, ага баарын текшерип, жабыркагандарга кандай жардамдар керектиги боюнча сунуштарды киргизе турган комиссия түзүүнү тапшырганын белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчысы кыргызстандыктарды турак жайларын Мамлекеттик камсыздардыруу компаниясына каттатууга чакырды.

«Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле», — деди ал.

Президент каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Ал ошондой эле селдин алдын алуу үчүн айрым жерлерде курулуштар башталганын билдирди.

«Табияттын кырсыгынан эч ким качып кутула албайт экен. Мен-мен деген дүйнөлүк чоң-чоң державалар дагы табияттын кырсыктарына туруштук бере албай жатканын көрүп эле атпайбызбы», — деп белгиледи ал.