УКМК Ташиевдин атын жамынган блогерлерге ишенбөөгө чакырды

Image descriptionУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчыбек Ташиевдин атын жамынган «айрым белгилүү блогерлер жана интернет активисттер» жарандардын маселесин чечүүнү убадалап, материалдык сый акы талап кылып жатканын билдирди.

«УКМК төрагасы жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында УКМКнын кабылдамасына берилген жарандардын арыздарын жана кайрылууларын, ошондой эле Мамлекеттик комитеттин электрондук почтасын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзам ченемдерине ылайык карай тургандыгын баса белгилейт», – деп билдиришти атайын кызматтан.

Буга байланыштуу УКМК ар кандай инсинуацияларга жана абийирсиз адамдар тарабынан алдамчылык фактыларына жол бербөө максатында коомчулукту билип туруп мыйзамсыз аракеттерди колдонбоого чакырды.

Ал эми УКМК төрагасы менен тааныштыка жана башка байланышка жамынган адамдар тарабынан алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жарандар 0-312-62-05-85 номерине кайрылса болору айтылды.