Meken ноутбуктары 35 миң сомдон сатылат

Жакында эле «Кыргызэлектроника» мамишканасы Meken бренди менен ноутбуктарды чогулта баштаган. «Кыргызэлектрониканын» төрагасы Илья Черный Economist.kg басылмасына ноутбуктар 35 миң сомдон сатыларын билдирди.

Ноутбуктар 12-муундагы Intel Core i5 процессору, 8 ГБ оперативдик эс тутум, 256 ГБ (жесткий) диск, 14-дюймдук экран жана көлөмү 5000 мАс батарея менен жабдылат.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги үчүн аталган баа буйрутманын саны жана комплектациянын спецификасына байланыштуу төмөнүрөөк болот. Ал ири буйрутмалар болсо баасы болжолдуу 5 миң сомго арзандатылышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Буга чейин 2024-жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы өлкө ичинде куралган ноутбуктар менен камсыздалары маалымдалган.
Ошондой эле келечекте «Кыргызэлектроника» Meken ноутбуктарын экспортко чыгарууну пландап жатат, бирок азырынча ички базарга багыт алууда.

Өлкөдө атамекендик өндүрүштөгү ноутбуктар чогултулуп, сатыкка чыгарылары белгилүү болгондо коомчулукта анын «Meken» деген аталышына нааразылыктар чыгып, «мекен деген сатылбашы» керек деген өңдүү пикирлер айтылган. Ал эми компаниянын өзүндө жарандардын патриоттук сезимин ойготуу максат болгонун түшүндүрүшкөн.

«Биз аталышы уккулуктуу, адамдарда аны укканда кандайдыр бир патриоттук сезим жаралышын каалаганбыз», — деп түшүндүрдү «Кыргызэлектрониканын» башчысы.