Ош: Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Image descriptionОш шаардык мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгинде өз алдынча салынган курулуштарды бузууга киришти.

Буга чейин прокуратура дарыянын суудан коргоо аймагына өзүм билемдик менен 10 көпүрө жана башка соода жайлары курулганын аныктаган.

Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

14-июлда нөшөрлүү жамгырдан кийин Ак-Буура дарыясы нугунан чыгып, Оштун борбордук базарын каптаган. Анын кесепетинен беш адам каза болгон. Бийлик алардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон төлөп берүүнү убадалаган.

Андан тышкары 800гө жакын турак үй, унаа жолдору, электр чубалгылары жарактан чыккан, коммуналдык авариялар катталган.