Аймактарда жаңы аэропорттор ачылат. Жалал-Абаддагы аэропор үчүн жер бөлүндү

Image descriptionБул тууралуу «Манас» аэропортунун директору Манасбек Самидинов 31-июлда жарым жылдын отчётун берип жатып билдирди.

«Жазында Талас аэропортун ачтык. Азыр планда Нарын аэропорту бар. Казарман, Кербен аэропорттору да бүткөн, жакында толук ачылат. Андан башка чоң долбоорлордон — Каракол аэропорту турат. Аны күзүндө ачабыз. Ал эми кийинки туристтик сезонго Тамчы аэропортунун аэровокзалын ачабыз», — деди Самидинов.

Анын айтымында, быйыл алты айда «Манас» аэропорту 20 миң 954 рейс аткарып, 2 млн 700 миң жүргүнчүнү кабыл алган. Анын 19 миңи — эл аралык рейстер. Аэропорттун жалпы кирешеси 5 млрд 349 млн сомду түзүп, 2 млрд 900 млн сом таза киреше тапкан.

Ошондой эле Самидинов «Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери үчүн сынак жарыяланганын, долбоорлоого Кытай, Орусия жана Түркиянын компаниялары катышаарын айтты.

Ал Жалал-Абадга жаңы эл аралык аэропорт куруу үчүн 300 гектар жер бөлүнгөнүн кошумчалады.