Нурлан Дарданов Талас облусунун башчылыгы кызматынан бошотулду

Image descriptionӨлкө башчысы Садыр Жапаров Нурлан Дардановду президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотту. Ал жарлыкка президенттик администрациянын жыйынынан кийин кол койду. 

Анда Акылбек Жапаров өлкө башчысына Дардановду милдеттерин так аткарбаганы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан алууну сунуштаган.

Дарданов бул кызматка өткөн жылдын март айында дайындалган болчу.