Олимпиада: Бүгүн саат 14:00дө дзюдочу Эрлан Шеров беттешке чыгат

Image description31-июль Бишкек сааты боюнча 14:00дө кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Париж Олимпиадасында мелдешке чыгат.

Дзюдочу 90 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Алгачкы атаандашы — кубалык Иван Фелип Силва Моралис.

Спорттун бул түрү боюнча 1/16 баскычта 90 килограммга чейинки салмакта 26 өлкөнүн балбандары катышууда.

Эрлан Шеров үстүбүздөгү жылдын майында дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалга татыган. Былтыр Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия чемпионатында чемпион болгон.