Олимпиада: Суучул Денис Петрашов финалга чыга алган жок

Image description31-июлда Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 200 метрлик брасс ыкмасында сүзүүдө финалга чыга албай калды.

Ал белгиленген аралыкты 2 мүнөт 10,19 секундада сүзүп, 14-орунга ээ болду.

Мелдешке катышкан 16 спортчунун сегизи финалга чыкты.