Ош: Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин деканы кармалды

Image description26-июлда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы мамлекеттик сынакта студенттерден акча талап кылууга шектелип кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө анын коррупциялык схемага тиешеси бар экени аныкталып, шектүү эки суткага камакка алынды.

Буга чейин «опузалап пара талап кылууга» шектелип ушул эле декандын орун басары кармалган болчу.