11 журналисттин иши: Төрт журналисттин камактагы мөөнөтү 8-октябрга чейин узартылды

Image descriptionБүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Бишкек шаардык соту «Клоопко» отурумда Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева жана Азамат Ишенбековдун баш коргоо чарасы узартылганын билдирди. Алар 8-октябрга чейин камакта болот.

Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 журналисти 16-январда кармалган. Тогузуна «башаламандыкка чакыруу» боюнча айып тагылса, долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен журналист Актилек Капаров ошол чакырыкты «уюштурууга» айыпталган.

Кийин сот кармалгандардын айрымдарын эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарган. Аталган иштин фигуранттары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эмес.