Кара-Көл: Шаардык кеңештин төрагасы жана депутаты кармалды

Image descriptionЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жатканда кармалды.

УКМК маалыматына ылайык, депутат төрага аркылуу мэриянын 2024-жылкы бюджетине «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен курулуштарды муниципалдык менчикке сатып алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 500 миң сом талап кылган.

«Аталган депутат коомдук талкууда социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди бир нече жолу көтөрүп, жарандардын кызыкчылыктары үчүн жалган күрөш жүргүзүү аркылуу аларды адаштырууга аракеттенип, иш жүзүндө пара талап кылуу менен алектенген», — дешти атайын кызматтан.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.