«Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы «Даңк» медалы менен сыйланды

Image descriptionСадыр Жапаров 1-августта «Кыргыз темир жолу» ишканасынын 100 жылдык мааракесине арналган салтанатта мекеменин жетекчиси Азамат Сакиевге «Даңк» медалын жана башка кызматкерлерге сыйлык тапшырды.

Өлкө башчы темир жол экономикалык кризистерге, саясий технологиялык кыйынчылыктарга карабай иштеп, өнүгүп келе жаткан белгиледи.

«Кыргыз темир жолу – өлкөбүздүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорттук артерия эмес, биздин транспорт жаатындагы жетишкен улуттук мурасыбыз. [...] Советтер Союзунан 424,6 чакырым темир жолду мурастап калганбыз. Эгемендик жылдарында мамлекет тарабынан 1 метр дагы темир жол курулган эмес, тескерисинче кемип кеткен. Мамлекетибиз үчүн темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын түшүнүү менен 2022-жылдан баштап өлкөбүздун улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн зор стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууга кириштик», — деди Жапаров.