Кыргызстанда бардык унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү сунушталууда

Image descriptionТоктом долбоорун 1-августта Экономика министрлиги коомдук талкууга койду.

Долбоордо милдеттүү техникалык кароо экологиялык абалды жакшыртып, унаадан чыккан газдарды азайтууга жана жол коопсуздугун камсыздоого жардам берери айтылат.

Эгерде демилге кабыл алынса, чыгарылган күнүнөн беш жылдан ашкан бардык унаалар техникалык кароодон өтүшү керек – бул 1 млн 259 миң 849 унааны түзөт.

Акыркы маалымат боюнча, өлкөдө 1 млн 600 миңден ашык унаа каттоодон өткөн. Алардын дээрлик 1,4 миллиондон ашыгы чыгарылганына 15 жылдан ашкан.

Техникалык кароо баскыч-баскыч менен 2027-жылга чейин киргизилет.