Мамдума Орусиянын жарандыгын алгандарды милдеттүү түрдө аскердик каттоого алуу боюнча мыйзам кабыл алды

Мыйзам 31-июлдагы жыйында дароо үч окууда кабыл алынды. Документке ылайык, жаранды аскердик кызматка каттоо жана орус жарандыгын алуу процесси тыгыз байланышта. Милдеттүү аскердик каттоодон качкандар жарындыктан ажыратылат.

Орусиянын жарандыгын алган аскер курагындагы эркектер азыр жашаган жери боюнча аскердик каттоого турушу зарыл. Бирок мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында «Орусиянын жарандыгын алгандан кийин аскердик милдетин аткаруудан качкан учурлар кеңири жарыяланып жатканы» айтылат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, «мындай мисалдар калктын массалык нааразычылыгын жаратып, социалдык жана коомдук маанайга терс таасирин тийгизет, жарандык институттун беделине шек келтирет жана мыйзамды сыйлабастыкка үндөйт».

Өткөн жылдын май айында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинадагы согушка кош жарандыгы бар мигранттарды жөнөтүүнү сунуштаган.

Ушул жайда Бастрыкин орус бийлиги мигранттардын санын кыскартуунун «айласын тапканын» билдирген. Ал июндун аягында Орусиянын жарандыгын алган 30 миңге жакын адам «кармалып», алардын 10 миңдейи атайын аскердик операция аймагына жөнөтүлгөнүн айткан.

Орусияда мигранттар арасында расмий түрдө согушка чакыруу жок экенине карабастан, алар жашыруун түрдө чакыртылат. Көбүнчө Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттар Украинадагы согушка катышкан учурдар алар набыт болгондон кийин гана белгилүү болот.