Орусиядан мыйзамсыз ташылып келаткан 22 тонна балык артка кайтарылды

Image descriptionАйыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, «Чалдыбар» чек ара ветеринардык көзөмөл бекетинин кызматкерлери Орусиядан мыйзамсыз жол менен балык ташылып келатканын аныкташкан.

«ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы жана жүктүн тиешелүү ветеринардык коштомо-кагаздары ЕАЭБдин талабына шайкеш келбегени аныкталды. Инспекторлор жүктү артка кайтаруу актысын түзүп, көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайтарылды», — дешти министрликтен.

Иллюстративдик сүрөт.