Байсалов Орусиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына таасир этпеши керек деп билдирди

Минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсалов Орусияда мыйзамдарды катаалдаштыруу боюнча сунушталып жаткан чараларга комментарий берди.

Орусиянын бир катар депутаттары мигранттарга билим берүү, медицина тармагында иштөөгө, жүргүнчүлөрдү ташып, тамак-аш жеткирүүгө жана «жогорураак киреше алып келген же орус жарандарынын муктаждыгын канааттаныра турган иштин айрым түрлөрү менен алектенүүгө тыюу салууну» сунуштаган.

«Биз бул мыйзам долбоорлору жана чектөөлөр Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок экенин эске алабыз. ЕАЭБдин негизги принциптерине ылайык, биздин жарандарыбыз эмгек рыногунда эркин жана тең укуктуулукка ээ»,
– деп жазды Байсалов.

Ошондой эле ал «эгер башкача чечмелөөлөр жана биздин жарандарды үчүнчү өлкөлөрдөн барган мигранттарга теңештирсе, элибизге ЕАЭБге мүчө болуунун маанисин түшүндүрүү өтө кыйын болуп калат» деп кошумчалады.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кирген. Уюмду максаты — азык-түлүк, кызмат көрсөтүүлөр, каражат жана адам кыймылынын эркиндиги деп көрсөтүлгөн. ЕАЭБге беш мамлекет: Орусия, Беларус, Армения, Казакстан жана Кыргызстан мүчө.