Баткен: Миң-Булак айылынын көчөлөрү жакында жарыктандырылат

Image descriptionМинистрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов жана облус жетекчилиги Баткенде эле менен жолукту. Бургундардын бири Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак айылында бала бакча, суу, мектеп маселеси чечилбей, көчөлөрдө жарыктандыруу жок болгондуктан мал уурулук токтобой жатканын айтты.

Облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев жарыктандыруу маселеси боюнча тиешелүү тарапка тапшырма бергенин айтып, бирок маселе чечилбегени үчүн Баткен РЭСтин жетекчиси Дүйшөбек Эшматовду жыйындан чыгарып жиберди.

«Ушинтип уят кыласыздар да. Эки жолу айттым сизге жарыкты оңдоону. Барыңыз, кечке чейин мага чечүү жолун айтасыз. Түшүндүңүзбү? Мындай суроолор болбой, тапшырма коюлдубу аткарылышы керек», — деди Алимбаев.

Баткен облустук администрациясы «Клоопко» жарыктандыруу боюнча тиешелүү тараптарга 1-августта тапшырма берилгенин, тез арада аткарылып, жарыктандыруу берилерин билдиришти.