Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Бул тууралуу министр 2-августта маалымат жыйынында билдирди.

«Биз [электр энергиясын керектөөдө] рекорддук чектен аштык. Бүгүнкү күндө суткалык керектөө саатына 40 млн киловаттан бир аз ашты. Бизде мындай нерсе эч качан болгон эмес. Жайында дайыма 32-25 млн болчу. Керектөөчүлөрдү энергияны колдон келишинче үнөмдөөгө чакыргым келет. Канчалык көп керектелсе, сууну ошончолук көп коё беребиз, ал эми суу кышында бизге керек болот. Эгерде биз үнөмдөөнү азыр баштабасак, анда кышында көйгөйлөр болушу мүмкүн», — деди ал.

Министрдин айтымында, учурда электр энергиясынын негизги бөлүгү кондиционерлерге жумшалууда.