Сот Лазат Нуркожоеванын мурдагы жигитинин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Автандил Сабырбеков жана анын бир тууган агасы Тариэл 3-октябрга чейин тергөө абагында болушат. Бир туугандар сатуу максатында ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап келген деп шектелүүдө.

Сабырбеков жана анын агасы, Автандил президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоевага баш кошуу сунушун киргизгенден кийин кармалган.

Нуркожоеванын колун суроо үчүн 157 миң сомдон ашык каражатка алынган ӨКМдин тик учагы жаштарды тоого жеткирген. Видео коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып, ага президент өзү да комментарий бергенге аргасыз болгон. Садыр Жапаров карындашынын колу шаан-шөкөттүн коштоосунда суралганы үчүн элден кечирим сурап, өлкө башчысынын туугандары башкалар үчүн үлгү болуп, ысырапкорчулукка жол бербеши керектигин айткан.

Сабырбеков камалгандан кийин президенттин администрациясынан «шектүүнүн башкы максаты — өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды табуу болгонун» билдиришкен. Ошондой эле, Сабырбеков Нуркожоеванын мурдагы жигити экенин белгилешкен. Лазат өзү бул боюнча комментарий бере элек.