Тоңдо мас абалда тургундарды курал менен коркуткан 39 жаштагы киши кармалды

Image descriptionЫсык-Көлдүн Тоң районундагы Тогуз-Булак айылында мас абалда унаа айдап, тургундарга октолгон курал кезеген 39 жаштагы киши кармалды.

«Окуя 30-июлда болгон. Унааны тинтүү учурунда ок-дарылары бар курал далил катары алынган. Алардын тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, мыйзамсыз болуп чыкты. Ошондой эле медициналык экспертизада шектүүнүн ичип алганы тастыкталган», — дешти облустук милициядан.

Бул боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.