Бишкек: Тигүү цехинде чет өлкөлүктөрдү күч менен кармап турган шектүүлөр кармалды

Image descriptionБишкек шаардык милициясы Свердлов районундагы тигүү цехинде чет өлкөлүктөрдү мажбурлап кармап турган деген шек менен үч киши камакка алынганын билдирди.

«1-августта Жибек Жолу проспектисиндеги тигүү цехинде чет өлкөлүктөр мыйзамсыз кармалып турганы жөнүндө билдирүү түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында аларды цехтин ээси жана дагы эки чет өлкөлүк сабап, андан соң бөлмөгө камап коюшканы аныкталды», – деп айтылат билдирүүдө.

Бул боюнча «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, цехтин ээси жана эки чет өлкөлүк камакка алынды.

Быйыл июнь айынын аягында Новопавловка айылындагы тигүү цехинде чет өлкөлүктөр кулчулукта кармалып келгени аныкталган. Анда УКМК ишкерлер жергиликтүү милиция кызматкерлери менен «ич ара сүйлөшүп алып, Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келген 30 жарандын паспортун алып койгонун» билдирген.