Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шектелген ишкер кармалды

Image descriptionУКМК 8-августта маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жакын байланышта болуп, анын кылмыштуу тобун каржылоого шектелген, кримчөйрөдө «Тапанча» деген ат менен белгилүү ишкер кармалганын билдирди.

Шектүү Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү органдары жана кызыкдар тараптар аркылуу «Голубой Иссык-Куль» жана «Кыргызское Взморье» пансионаттарына жакын көл жээгин өзүнө каттатып алганы айтылат.

«Ушундай жол менен ал кымбат кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү алып, бир нече ишкердик субъекттерди ачып өзүнүн социалдык статусун жана финансылык абалын жакшырткан. Ал мыйзамсыз алынган каражаттын бир бөлүгүн Көлбаевдин "ууру казынасын" толуктоого байма-бай жумшаган», — дешти атайын кызматтан.

Бул боюнча «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, окуяга шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү уланууда.