Олимпиада: Бүгүн кыргызстандык үч балбан килемге чыгат

Image descriptionБүгүн 57 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча Париж Олимпиадасына катышып жаткан Бекзат Алмаз уулу алгачкы беттешин өткөрөт. Ал Азия чемпионатында бир нече байге жеңген казакстандык Мейрамбек Картбай менен күч сынашат.

Амантур Исмаилов коло меделга күрөшүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сербиялык Мате Немеш менен күрөшөт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Ал эми 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалга чыккан мушкер Мунарбек Сейитбек уулу болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен күч сынашат.