Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу чейрек финалга чыкты

Image descriptionБүгүн эркин күрөш боюнча Париж Олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык балбан алгачкы каршылашы Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды.

Кыргызстандык балбан 57 килограмм салмакта күч сынашууда. Бекзат кезектеги беттешинде панамерика чемпионатынын жеңүүчүсү АКШлык Спенсер Ричард Ли менен күрөшөт.