Үзүр Жусупбеков: Кыргызстан курамасында диетологдор менен психологдор жок

Image descriptionПариждеги Олимпиада оюндарында коло медаль уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жуcупбеков журналисттерге курган маегинде улуттук курамада психологдор менен диетологдор жок экенин билдирди.

«Чынын айтканда, бизде диетологдор менен психологдор жок. Балдар, машыктыруучулар өзүбүз диетолог, психолог болуп калганбыз. Ага да каражат керек. Башка мамлекеттердики бар, алар күрөш үчүн гана иштешет. Баарыбыз намаз окугандыктан, диета, психологиялык маанай көбүбүздүкү жакшыраак. Анткени утсак да, утулсак да “Кудайга шүгүр, демек мындан кийинкисинде болот” деп өзүнчө чечим чыгарып коёбуз», — деди Жусупбеков.

Балбан мындан тышкары Париждеги беттештери жөнүндө айтып, эртең мененки күрөшүндө килемге алсырап чыкканын билдирди.

«Кечээ күрөшөрдө өзүмдү жаман сезип жаттым. Туура эмес тамактанып алып жакпай калдыбы, алсырап күрөшүп жаттым. Эртең менен америкалык менен алсырап күрөштүм. Түштөн кийин бир аз жакшы болуп калдым», — деди ал.