Түркиядагы авиакырсыкта каза болгон учкучтардын үй-бүлөсүнө кенемте берилди

Image descriptionТүркиядагы тик учак кырсыгында каза болгон эки учкучтун үй-бүлөлөрүнө 5,1 миллион сомдон кенемте берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Өткөн жылы 16-сентябрда Түркиянын Мендерес районунда токой өртүн өчүрүп жүргөн Ми-8МТВ-1 үлгүсүндөгү тик учак Тахталы дамбасына урунуп, кулап түшкөн. Анын ичиндеги төрт кишинин үчөө Кыргызстандын жарандары болгон.

Тик учак 12 метр тереңдиктеги баткакка тыгылып калган. Куткаруучулар анын ичинен үч кишинин — эки кыргыз жана бир түрк жаранынын сөөгүн алып чыгышкан. Кыргызстандыктардын бири жээкке өзү сүзүп чыгып, тирүү калган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин айтымында, кыргыз учкучтары «Транс Караван» компаниясы менен эки айга түзүлгөн келишимдин негизинде иштеп жүрүшкөн.