Баткен: 55 жаштагы тургун курал менен алгач таанышын, кийин өзүн атып салган

Image descriptionБаткен облусундагы Лейлек районунун 55 жаштагы тургуну алгач тойдон келе жаткан 51 жаштагы таанышын, кийин өзүн атып өлтүрдү. Бул тууралуу 21-августта райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-августта маркум аялы менен тойдон келе жатканда таанышы Ак-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну аларды токтотуп, мурдагы келишпестиктен улам ага эки жолу ок чыгарып, качып кеткен.

«Шектүү ошол эле күнү саат 17:50 чамасында Кара-Таш жайытында өзүнө катталган куралы менен өзүн-өзү атып каза болгону аныкталды», — дешти милициядан.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Тергөө уланууда.